Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 707 | 0

Баткен облусунун чек арага чектеш аймагында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 13-май күнү саат 11.20лар чамасында Баткен районунун Сай айылы менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусунун Сох анклавынын тургундарынын малы эки өлкөнүн чектешкен аймагынан өтүп кеткендиктен Баткен районунун Сай айылынын 50 жаштагы тургуну ээлерине малын айдап кетүүсүн айтканда, Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, 5 кыргызды уруп-сабашкан.

Бул окуядан соң жергиликтүү 50-60 адам окуя болгон жерге чогулган.

Бул окуя боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү, жергиликтүү милиция жетекчилери жолугуп сүйлөшкөн. Жыйынтыгында өзбек тараптын жетекчилери кечирим сурап, элдешүүнү өтүнүшкөн.

Окуя Баткен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жоруктар кодексинин 66-беренеси (ден соолукка зыян келтирүү) менен катталып, тергөө иштери жүрүп баштады.

Ал эми жаракат алган жарандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Сай жана Бирлик айыл аймагынын тургундары Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын борбордук аянтына саат 15:00дө чогулуп, нараазычылыктарын билдиришкен.

Айдаркен шаардык маданият үйүнө Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Кутпидин Шакиров, Кадамжай РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Орунбай Кочкоров, Баткен РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев жана Айдаркен шаардык №2023 чек ара отрядынын командирлери чогулгандарга маалымат беришти.

Нааразы тарап чек араны тактоо талаптарын коюшуп, саат 17:30 чамасында таркап кетишти.

Учурда Баткен облусунун чек арага чектеш аймагында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө.

Copyright © 2017 Maral FM