Биз менен байланышыңыз

Кадамжай: Кыргыз-өзбек чегиндеги чырда кыргыздардын мал сарайы өрттөндү (видео)

Кыска кабар | 31 мая 2020 | 1418 | 0

Баткендин Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбек Республикасынын Сох районунун айылынын тургундарынын ортосунда чыр токтой элек.

Азыркы тапта кыргыздарга тиешелүү мал сарай өрттөнүп жатат.

Жергиликтүү тургундар “Маралга” жиберген видеодо сарайдын өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.

Чыр аймактагы булак суусун талашуудан улам келип чыккан.

Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбекстандын Сох районунун акими жолугушуп, чырды жөнгө салуу, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин эки тарап бири-бирине таш ыргытышканы кабарланган. Анын кесепетинен кыргызстандыктардын арасында башы жарылып, ооруканага жеткирилгени, «ПОРТЕР» унаалары талканганы бар экенин жергиликтүү тургундар кабарлоодо.

Copyright © 2017 Maral FM