Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн чек арасын жапты

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 599 | 0

6-октябрь саат 15:00гө карата мамлекеттик чек арада абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланыш бөлүмү маалымдады.

Анда Мамлекеттик чек ара кызматы 24-сентябрдан бери күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы айтылат.

Андан сырткары, 6-октябрга караган түнү Өзбекстан Кыргызстандын жарандары үчүн чек арасын жапкан. Бул арада Өзбекстандын аймагындагы кыргызстандыктар өлкөдөн чыгып кете алышары маалымдалган. Ошондой эле Кыргызстандагы өзбектер да чыгып кетүүгө укуктуу.

Ал эми жүк ташуучулар тоскоолдуксуз өтө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM