Биз менен байланышыңыз

Өкмөт чек араларды тактоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат таратты

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 666 | 0

Кыргыз Өкмөтү Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны делимитациялоо боюнча иштер тууралуу маалымат таратты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүм жазды.

Кыргыз-өзбек чек арасын кесип өткөн сызыктын жалпы узундугунун 95% өз ара макулдашылды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кесип өткөн чийменин жалпы узундугунун 60% өкмөттүк делегациялар тарабынан өз ара макулдашылды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 38 отуруму, топографиялык жумушчу топтун 47 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун 21 жолугушуусу өттү.

2020-жылдын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 2 жолугушуу болду. Биринчиси 21-25-январда Бишкек шаарында жумушчу топтордун деңгээлинде өттү. Экинчи жолугушуу 21-22-февралда Баткен шаарында өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде болду. COVID-19 пандемиясынан улам жаңы жолугушуулар өткөрүлө элек.

Тажикстан менен чектешкен Баткен облусундагы бир катар калктуу конуштарда объекттерди куруу жана жер ресурстарын пайдалануу сындуу талаш-тартыш маселелер чыгып, белгилүү бир чыңалуу байкалууда. Жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

18-23-майда Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борубаев Баткен облусундагы иш сапарынын жүрүшүндө чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугуп, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштердин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Өкмөтү автомобиль жолунун курулушун бүткөрүү, чек араны кайтарууну күчөтүү жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча иштерди туруктуу жүргүзүүдө.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын 31 отуруму, топографиялык жумушчу топтордун 96 жолугушуусу, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун 2 жолугушуусу өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө Өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабы ишке ашырылып жатат.

Программа 33 иш-чараны камтыйт, аларды жүзөгө ашырууга 296 млн 250 миң сом каралган. Бул каражаттардын ичинен 195 млн сом Баткен облусундагы өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө багытталат.

Copyright © 2017 Maral FM