Биз менен байланышыңыз

Шерипов: Чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча 3 жылда 303 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 639 | 0

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча учурда Министрлер кабинетинин атайын тескемеси даярдалып, өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 81 өзгөчө макамга ээ болгон чек ара аймагы бар.

«Бирөө Ысык-Көлдө, Ош облусунда ондон ашуун. Калган дээрлик 80%ы Баткен облусунда жайгашкан. Чек ара аймактарын өнүктүрүү программасы 2012-жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. 2012-2017-жылдар аралыгында 1 млрд 600 млн сом бөлүнүп, ФАПтар, мектептер, жолдор курулду. Ал эми 2017-жылдан 2020-жылга чейин 303 млн сом бөлүндү. Эми ошол чек ара аймактарына акчанын көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат».

Ошондой эле ал Баткен облусун өнүктүрүү боюнча конкреттүү кошумча программалар иштелип жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM