Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы тажик жарандарынын курулуш иштери токтотулду

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 672 | 0

Тажик тарап такталбаган кыргыз-тажик чек ара аймагындагы курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

30-ноябрда болжол менен саат 13:00дөр чамасында Лейлек районунун Майты жерлигинде мурдагы келишимдерге карабастан, тажик жарандары Сүлүктү-Пролетарск темир жолун демонтаждоо боюнча бир тараптуу иштерди жүргүзгөн. Бул иштер боюнча 26-ноябрда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сүйлөшүүлөр жүрүп, ушул жумада эки тараптын район жетекчилеринин жолугушуусу пландалган.

Ошондой эле 30-ноябрда саат 12:10 чамасында Лейлек районунун Максат — Арка жолунун жээгинде Тажикстандын 30-35 жараны тосмо (забор) куруу максатында жер тегиздөө иштерин жүргүзүп баштаган.

Жогорудагы окуялар боюнча Баткен жана Согди облустарынын чек ара өкүлдөрү телефондон сүйлөшүп, Лейлек жана Ганчи аймактары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү.

Ошондой эле буга чейинки макулдашууга карабастан Тажикстандын Сомониён айылында токтоп турган курулуш иштери жанданган. Бул боюнча да сүйлөшүү жүрүп, жыйынтыгында үч иш тең токтотулду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода телефон аркылуу сүйлөшүп, жакынкы күндөрү жолугушууну макулдашышты.

Учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында абал тынч.

Copyright © 2017 Maral FM