Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор протоколго кол коюшту

Кыска кабар | 23 Авг 2021 | 837 | 0

16-22-августта Баткен облусунун Исфана шаарында Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Тажикстандын аймагында өткөрүү макулдашылды.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Copyright © 2017 Maral FM