Биз менен байланышыңыз

Мадинанын өлүмү, тажик аскерлеринин басып алуусу айылдыктардын айтуусунда (видео)

Саясат | 10 мая 2021 | 7985 | 0

Лейлек районундагы Интернационал айылы Тажикстандын Гафуров районундагы Овчикалача айылы менен чектешет. Бул айылдын үстү жагында Кыргызстандын Кулунду айылы жайгашкан. Элетти болжол менен 5 миңге жакын адам турактайт. 29-апрелде тынч жаткан айылга куралдуу тажиктер кол салган. Ок атуунун кесепетинен Интернационал айылы 13 жашар Мадина аттуу кызынан жана эң мыкты кебапчы эки жигиттен ажырады.

Интернационал айылынын тургундары эч нерсе билген эмес, ок атылып баштаганда да «токтоп калат болушу керек» деген үмүт менен күтүшкөн. Качан гана ок туш-туштан мөндүрдөй сабап баштаганда, үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушкан. 29-апрелде саат 18:30дар чамасында ок үйлөргө түшүп, коңшусунун шифери быркырап сынып кеткенде гана неберелерин араң таап, Кулунду айылынын адырын көздөй качканын Марипат Жакыпова айтат.

Ал ага чейин бутунан операция болуп, балдак менен жүргөн. Кымгуутта балдагын да унутуп качканын эскерди.

«Биздин Интернационал айылында жашаганыбызга 30 жылдан ашып калды. Чек арадагы чатак биринчи болгондо анчалык деле чоң болгон эмес, экинчи жолкусу 1,5 жыл мурда болгон, анда да ок атуу болгон. Ошондо да балдарымды, неберелеримди машинама салып качкам. Бирок кечээкисинде катуу болду. Саат 18:30 болчу, Арка айылына каттаган маршрутка өтүп кетти. Ал өтүп кеткенден 10 минутадан кийин эле ок атылып баштады. Биз жакшы эле отурдук. Башталганда келиним экөөбүз неберелеримди таппай калдык, таягымды таштап, кантип машинага отурганымды билбейм. Келиним болсо балдарын таппай нары-бери чуркайт. Балам болсо, карайынчы деп канал жакка чыгып кеткен экен. Октор келип түшкөндө үйдүн астына бекинебиз, токтогондо кайра машинамды жүргүзөм. Ошентип араң неберелеримди таап, жолдон баламды салып, араң чыгып кеттик. Ошол бойдон Кулундунун адырына бардык. Түнкү саат 12де Кулундуда калалы десек, өрлөгүлө деди эле, кара жолго чыгып, түнкү саат 2де Булак-Башыга бардык. Эртеси күнү Исфанага жөнөдүк».

Тажик аскерлери Интернационал айылына ок жаадырып жаткан маалда Мадина апасы Наргүл, сиңдиси Нурдиана менен эле. Алар коопсуз жай издеп, көчөгө эми эле качып жөнөгөндө миномет жарылып, Мадина жерге кулаган. Кичүү кызын көтөргөн Наргүл ок жаап жаткандыктан улуу кызына бара алган эмес. Коңшусу Тажибай төмөн жактан келе жаткан машинаны чакырып, Мадинанын экөөлөп ооруканага алып барышкан. Кулунду ооруканасында эч ким болбогондуктан, кийин Исфана ооруканасына алып бара жатканда Мадина жолдо көз жумган. Окуяга күбө болгон айылдаштарынын айтуусуна караганда, Мадина канды көп жоготуп койгондон үзүлүп кеткен.

Каргашалуу окуянын эртеси, 30-апрель күнү ооруканадагы эне менен кызды дарыгерлер учак менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна жөнөткөн. Ал эми Мадинанын атасы Наимжан Абдулов маркум кызынын сөөгүн моргдон алып келип, 3-майда Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүндөгү Эски-Оочу айылында атасынын үйүндө жерге берген.

Октон каза болгон 13 жаштагы Мадина жыгылган жер. Мадинанын бут кийими.

Интернационалдын эли качкандан кийин Тажикстандын аскерлери айылга каптап кирип, үйлөрдү өрттөп, Касым аттуу адамдын жана анын үч коңшусунун үйүн чеп катары пайдаланышкан. Төрт үйдү бөлүп турган дубалды бузуп, бири-бирине өтө тургандай жол да салып алышкан. Анысы аз келгенсип, үйдүн чарбагына окоп казып, койлорун союп жешкен.

«Ушул жерде койлорду союп, бышырып, өздөрүнүн аскерлерине тараткан. Төрт катар жайгашкан үйдүн короолорун бузуп, жол салышкан. Бул жакты толугу менен штаб кылып алышкан. Бул жактардан окоп казып, мына бул жактан жол ачышкан. Малканага төшөктөрдү алып кирип, ошол жакта да бир позициясы болгон. Дубалдарды  керектүү жерлеринен лом менен тешип, ошол жактан көзөмөл кылып жатышкан». 

Айылда өрттөнүп жаткан үйдү өчүргөнү келген өзбек улутундагы Кыргызстандын 1991-жылы жана 1965-жылы туулган эки жаранын тажиктер унаада бараткан жеринен атып өлтүрүшкөн. Алар менен чогуу келе жаткан дагы эки жаран качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок аларга да ок тийгендиктен учурда ооруканада дарыланып жатышат.

Интернационал айылынын башчысы Мурзабек Жумабаев каза тапкан эки айылдашынын сөөгүн алып чыгып жерге берүү үчүн тажик тарап менен сүйлөшүүгө барып, ошол жерден туткунга түшүп калган.

«Мен кечинде саат 23:00 чамасында үй күйгөнүн, эки баланы атып салышканын уккам. Ошол түнү барганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Эртеси күнү эртең менен саат 9:00 чамасында бардым. Бери жакта үйүнүн жанында 10 чакты бала туруптур, коңшулары. Анан мен: Азыр ким кайсы жакта? Машина көрүнүп турат, барса болбойбу?» — десем, «Максаттын дөңүнөн снайпер менен жатат», — дешти. Анан мен кимдир бирөө барышы керек деп туруп барсам, үч үйдү басып кирип алышкан экен. Буга чейин эч мындай болгон эмес. Анан ошол жерден тосуп алышып, көздү таңып, колду байлап, сай менен Тажикстанга алып кирип кетишти». 

Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев туткундан 1-майда гана бошотулган. Айыл башчыдан тышкары бул айылдын 10го жакын жараны барымтага алынган.

Ал эми каза болгон эки жарандын сөөгүн 1-майда тез жардам кызматы алып чыгып, саат 14:00гө жакын жерге берилген. Учурда тажик тарап барымтага алган жарандардын баары ооруканада дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор барымтага алынган кыргызстандык туткундарга карата кыйноолорду колдонуу фактысын аныктады. Учурда Исфанадагы райондук ооруканада жаткан бейтаптар Стамбул протоколунун жол-жобосунан өтүп жатышат.

Толтурулган протоколдор Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан Кыргызстандын Башкы прокуратурасына кошумча кат менен коштолуп берилет.

Интернационал айылынын тургуну Тойчунун үйү айылдагы эң кооз үйлөрдөн болгон. Анын  үйүнө кошуп, кычкылтек концентраторун кошо өрттөп кетишкен. Тойчунун дем алуусу кыйындап, эки жолу пульмонолог, профессор Талант Сооронбаевдин кароосунда кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

«Мени менен кошулуп эч ким уктай албайт. Анткени кислороддук концентратордон «гырр» деп үнү чыгып турат. Башында эки кислороддук баллон турган. Мындан сырткары Бишкектен 3200 долларга дарылай турган матрац алган элем. Үйдү, эч нерсени эсептебегенде эле азыр менин ден соолугума керектүү 6 миң долларлык буюмдар күйгөн. Мен эртең менен турсам, бетим менен бутум шишип кетет. Биздин оорукананын өзүндө да андай аппарат жок. Мага жалгыз гана ошол аппарат керек болчу. Мен кайсы убакта уктабайын, ошону тагынып уктачумун». 

29-апрелдеги Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Интернационал айылында 3 үй өрттөлгөн, 3 жаран окко учуп каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM