Биз менен байланышыңыз

Чек ара маселеси: Баткенде суу сактагыч курулат

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 739 | 0

Баткен облусунун Лейлек районундагы Козу-Баглан суусуна Ак-Тоок суу сактагычын куруу пландалууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 25-апрелде Өзгөн районунун эли менен Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда мамлекеттик чек ара маселеси чечилбей жатат. Азырынча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Баткендеги чек ара маселесин чечүүгө байланыштуу ири долбоорлор пландалып жатканын айтты. Анын бири — Козу-Баглан суусуна курула турган Ак-Тоок суу сактагы.

«Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына Ак-Тоок участкасына суу сактагыч куралы деп жатабыз. Тажикстандын Хожент жана Гафуров шаарларына ичүүчү суу 100% бизден барат. Биздин суубуздун бардыгы ошол жакка кетет. Бирок өзүбүздүн талаалар куурап жатат. Бул маселе боюнча биз өкмөт менен жолугуп талкууладык. Долбоорду бир жылдын ичинде ишке ашырууга болот», — деди Ташиев.

Ташиевдин айтымында, суу сактагычты куруу долбоорун ишке ашырууга буга чейин каражат бөлүнгөн, бирок каражаттын суммасын атаган жок. Суу сактагычты куруу кийинки жылы башталарын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Ташиев, Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылына жергиликтүү калк менен жолуккан. Ал жерде Өзбекстанга бериле турган 50 гектар жерди 20га азайтуу аракетин көрүүгө убада берген.

Copyright © 2017 Maral FM