Биз менен байланышыңыз

Бельгияга 12 тонна кургатылган кара өрүк экспорттолду

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 1498 | 0

2019-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өндүрүлгөн кургатылган кара өрүк Бельгияга 12 тонна, Монголияга 7 тонна өлчөмүндө экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ала-Бука районунда чарбаларды ирилештирүү боюнча район аймагында катталган кооперативдердин жыйыны болуп өттү. Жыйынга 14 айыл чарба кооперативдери катышты.

Натыйжада, жыйынга катышкан 10 кооператив алдыда түзүлүүчү регионалдык кооперативдин түзүүчүсү катары, ал эми калгандары мүчө болуу чечимин кабыл алышты. Регионалдык кооперативдин уюштуруучулары жалпы жыйындан пайдаланып, 2020-жылга карата иш пландары, аткарылуучу иш-аракеттерди жолго салуу жолу менен бекитип беришти.

Өткөн жылы аталган кооперативдер Бишкек жана Ош шаарларындагы соода түйүндөрүнө кургатылган кара өрүктү жеткирип берүү, ири кен казган компанияларга атайын кийимдерди тигүү жана мөмө-жемиш ширелери менен камсыздоо иштерин аткарышкан.

Copyright © 2017 Maral FM