Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн районунда өз энесин өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 404 | 0

Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынан өз апасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облстук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 30-июнда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Пригородное айылында киши өлтүрүү фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барып, каза тапкан аялдын М.А. аттуу жаран экенин, денесинен жаракат алганын аныкташкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки тергөө-териштирүү башталган.

Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын 34 жаштагы М.А. аттуу уулу кармалды.

Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда 5 диний китеп жана 1 дептер алынып, экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда сотко чейинки суракка алуу улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM