Биз менен байланышыңыз

Депутат: Экотехинспекциянын 8 кызматкери камакта отурат

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 1423 | 0

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 6 кызматкери пара алганы үчүн камакта отурат. Бүгүн дагы 2 кызматкери пара менен кармалды. Учурда мекемеде 52 бош кызмат орду бар. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде депутат Алмасбек Акматов айтты.

Инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов бош кызмат орундары көбөйгөнүн кызматкерлер көп кетип жатканы менен түшүндүрдү.

«Туура, биздин мекеме ушундай оор акыбалга кабылып турат. Мен инспекцияга жаңыдан жетекчи болуп келерим менен эле кызматкерлерди таза иштеп, мекеменин аброюн көтөрүүгө чакырдым. Азыр алардын эмгек акылары өтө аз, айына 9-12 миң сомдон маяна алышат, ошондон улам болсо керек, кызматтан бошонгондор көп. Кызматкерлердин маянасы көтөрүлсө жакшы болмок», — деди Мырзабек Жапаркулов.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияда 767 адам иштейт, анын ичинде 639у– мамлекеттик кызматкерлер.

2019-жылы инспекция тарабынан 11 миңден ашык текшерүү жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгында 162 млн сомго айыппул салынса, анын 160 млн сомго жакыны республикалык бюджетке түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM