Биз менен байланышыңыз

Аида Касмалиева: Депутаттарды камакка алуу — мыйзамсыз

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 844 | 0

Жаңы Башмыйзамда депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурда кармалбаса, аны көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен гана камоого уруксат берилет.  Өткөн жумада депутаттар камалып, Башмыйзам бузулду. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүн, 10-июндагы жыйында билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын камоо же СИЗОдо кармоо мыйзамсыз. Эгерде тергөө жүрүп жатса, үй камагында же башка жагдайда болушу керек.

«Бешинчи майда жаңы Конституция кабыл алынды, 1-июнда депутаттарды камакка алуу болуп жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңеште протоколдук тапшырма тийиштүү комитеттерге берилди. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган катары депутаттардын кол тийбестиги жана Башмыйзамды сактоо боюнча өзүнүн так нормасын айтып коюшу керек. Себеби, азыркы иштеп жаткан кодекстер боюнча камоо болду деп Башкы прокуратура айтып жатат. Жаңы кодекстер келерки жума парламентке кирет. Мыйзамдарда карама-каршылыктар болгон учурда Конституция түз иштейт» , — деди Касмалиева.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров 2 айга камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM