Биз менен байланышыңыз

Аида Касымалиева эки тараптуу пневмония менен күрөшүүдө

Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 755 | 0

Вице-спикер Аида Касымалиева эки тараптуу пневмония илдети менен күрөшүп жатат, учурда абалы жакшы. Бул тууралуу ал фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Тест тапшырып, андан коронавирус эмес экендиги аныкталганын айткан Касымалиева, пневмония болгонун 4-июлда билген.

«Достор, 10-12 күндөн бери COVID-19дун белгилери байкалып, өзүмдү изоляцияга алгам. Үй-бүлөмдү башка жакка жөнөтүп, өзүм үйдө жалгызмын. Тесттин жыйынтыгы таза деп чыккан. Бирок 4-июлда компьютердик томография эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп бардык ийне, дарыларды алдым. Жакшымын, буюрса. Сатурация (кандагы кычкылтектин өлчөмү) дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөнү текшерттим. Бардык маселелер боюнча байланышта болуп турдум жана мындан ары да байланышта болом. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам!», — деп жазган.

Кошумчалай кетсек, бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Анын ичинен 22 адам республика боюнча жана Бишкекте 19 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 423 адам.

Ал эми коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 132 кишини түздү.

Copyright © 2017 Maral FM