Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 514 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 531 | 0

Бүгүн, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 514 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 234, Ош шаарында — 110, Чүй облусунда — 80, Ош облусунда — 34, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 13, Баткен облусунда — 17 адамдан коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 367 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 киши каза болгон: Бишкекте — 4, Чүй облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 1 адам.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 111 миң 343 учур катталды. Анын ичинен 103 миң 257 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 905 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM