Биз менен байланышыңыз

Пандемияда башка оорулар менен жабыркагандарга көңүл бөлүнбөй калды

Кыска кабар , Мединфо | 29 Апр 2021 | 452 | 0

Пандемия маалында өпкөнүн башка ооруларынан жабыркаган бейтаптарга жетиштүү көңүл бөлүнбөй калды.  Бул тууралуу пульмонолог Берик Эмилов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө өпкөнүн өнөкөт оорусунан жабыркап келаткан жарандар өтө көп.

«Эң негизгилери катары өпкөнүн өнөкөт оорусун, өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусун жана  бронхиалдык астманы айта кетсек болот. Пандемия учурунда ошол адамдарга азыраак көңүл бөлүнүп калды. Себеби ал адамдар дарыгерге келгенден да коркуп жатышат. Анткени алар жолдон же ооруканадан кокусунан коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн. Вирус жуктурган адамдар өздөрү деле билбей, ооруканада жүрүп калышы мүмкүн эмеспи. Ошол себептен алар жакшы каралбай калды десек болот. Болбосо биз аларды текшерип, абалына жараша башка дарыларды кошуп, же мурунку ичип жаткандарын токтотуп, карап турушубуз керек», — деди дарыгер.

Copyright © 2017 Maral FM