Биз менен байланышыңыз

Ашакеева: Пневмониядан үй шартында дарыланганга болбойт

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Ноя 2020 | 997 | 0

Пневмониядан үй шартында дарыланганга болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын бөлүм башчысы Жыпара Ашакеева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бейтап милдетүү түрдө дарыгерге кайрылууга тийиш.

«Ар бир бейтап өзүнчө дарыланат. Айрымдарынын өнөкөт оорулары бар. Кээ бирөөнүн иммунитети начар. Ошондуктан ар бир бейтапка өзүнчө көңүл бөлүнөт. Мен үй шартында дарыланып алам деген туура эмес. Дарыгерге өз убагында кайрылуу керек. Коронавируска чалдыккан соң, көпкө чейин кыйналат. Мындай учурда ооруп жатам деп биротоло жатып калбай, кыймылдап, таза абага чыгып, витаминдүү тамактарды ичип, сүт азыктарына көбүрөөк көңүл бөлүү зарыл», — дейт Ашакеева.

Ал белгилегендей, учурда антитело канча убакытка сакталары аныкталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал организмде 3 айга чейин сакталышы ыктымал. Мындан улам ооруп сакайган адамдар да абайлап, эрежелерди сакташы керек. Анткени кепилдик жок.

Copyright © 2017 Maral FM