Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Пневмония оорусу бир күндө кескин жогорулады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 621 | 0

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы 23-сентябрда коронавирус инфекциясынын белгилери менен өпкөнүн сезгениши жөнүндө маалымат жарыялады.

Ага ылайык, өткөн суткада өлкөдө коронавирустук инфекциянын белгилери менен 364 пневмония оорусу катталып, 66 адам сакайып чыккан.

Жалпысынан 1-августтан бери 31 532 учур катталды. Анын ичинен 345 бейтап каза тапты. 26 805 жаран сакайып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM