Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Борбор Азия өлкөлөрүндө абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 732 | 0

Кыргызстан

Кыргызстанда 20-сентябрга карата коронавирусту жуктуруп алган 81 жаңы учур катталды. Республика боюнча COVID-19 инфекциясы менен катталгандардын жалпы саны 45 миң 416га жетти.

Сутка ичинде 94 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды. Өлкө боюнча вирусту жеңгендер 41 миң 578 адамды түздү. Коронавирустан улам каза болгондор — 1063 адам.

Учурда өлкө боюнча 2 миң 328 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Ооруканаларда 566 бейтап, үй шартында 1 миң 762 адам дарыланууда.

Казакстан

Казакстанда өткөн суткада COVID-19дун белгилери бар пневмония менен 272 жаңы учур катталып, 5 адам каза болгон. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 100 адам айыгып чыккан.

Учурда 3690 адам дарылануусун улантууда, анын ичинде 40 бала бар. Ооруканаларда 1900 бейтап дарыланууда, амбулатордук деңгээлде 1790 бейтап. Мындан сырткары 104 адамдын абалы оор болсо, 11 адам өтө оор абалда. 18 адам жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алууда.

Казакстанда жалпысынан коронавирус жуктургандардын саны 107 миң 262ге жетип, алардын ичинен 101 миң 877 адам айыгып, 1671 адам каза болду.

Өзбекстан

Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 51 миңден ашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин күнүмдүк отчетуна таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

20-сентябрь саат 10:00гө карата Өзбекстанда жаңы 243 учур аныкталып, жалпы коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 51 миң 235ке жетти.

Жаңы учурлардын ичинен 228и Ташкентте каталган.

Өлкөдө коронавирустан 47 миң 271 адам (92%) айыгып, 429 адам көз жумган. Учурда 3535 бейтап дарыланууда.

Тажикстан

Бүгүн, 20-сентябрга карата Тажикстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 9303кө жетти. Covid.tj  сайтындагы маалымат боюнча, буга чейин Тажикстанда 73 адам каза болгон. Өлкөдө өлүм көрсөткүчү 0,78%ды түзөт.

Ошондой эле акыркы суткага карата айыккандардын жалпы саны 8 миң 66 адамга жетти. Калыбына келтирүү 86,70% ды түзөт.

Тажикстан дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккан адамдардын саны боюнча рейтингде 98-орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM