Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Коронавируска чалдыккан дарыгерлердин абалына ыйлагың келет

Кыска кабар | 12 Апр 2020 | 1007 | 0

Ош шаарында коронавируска чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп чыктым. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, дарыгерлердин арасында кан аралаш жөтөлүп, сүйлөй албай калгандар бар.

Абалдары күндөн-күнгө начарлап, баары эле кошумча дем алдыруучу аппаратта. Кан аралаш жөтөлгөндөр бар. Сүйлөй албай калгандары бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да, аба жетпей, сүйлөй албай калып жатышты. Ыйлагың келет! «Бизди акчасы да, эчтекеси кызыктырбайт, тирүү калсак деп жатабыз. Биздин атыбызды коргоп бергиле!» деп ыйлашты , —  деп жазган Касымалиева.

Биринчи күндөрү жетекчилик аларды умрадан келгендерден анализ алууга жөнөткөн, ал жерде атайын форма менен болгон күндө да, кийин ординатордук бөлүмдө чогуу тамактанып, маршруткаларда чогуу жүрүшөт.

Ошондой эле Касымалиева, бул маселе Жогорку Кеңеште да карала турганын айтып, расмий түрдө Өкмөткө, штабка да кат менен кайрылганын билдирди.

Алар азыр өлүм менен күрөшүп жатканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин «алар ажы тойго барган» деген маалыматты тараткан чиновниктери жазасын алууга тийиш , — деди ал.

Аида Касымалиева билдиргендей, компенсация төлөбөй коюу максатында да врачтардын өздөрүн күнөөлөп жатышат деп кайрылгандар бар. Бизди «унчукпагыла деп, кысым жасап жатышат» деген дарыгерлер канча.

Азыр 63 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алар боюнча так маалымат жок.

Copyright © 2017 Maral FM