Президент Садыр Жапаров 13-мартта «Кыргыз Республикасынын Конституциясы» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, референдум 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен бирге өтөт. Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына бүткүл элдик добуш берүүгө «макул», «каршы» үгүт топторун каттоо үчүн 15 сунуштама түшкөн. Алар кандай иш алып барат? Ошондой эле референдумдун жыйынтыгына канчалык таасир эте алышат?
11-апрелде 28 шаардык кеңештин, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо менен бирге Конституциянын жаңы долбоору да элдик добушка коюлат. Референдумда «каршы» жана «макул» деген тандоо сунушталат. Анын жыйынтыгы менен жаңы Конституция кабыл алынат же жокко чыгарылат.
23-мартка карата Борбордук шайлоо комиссиясына референдумга 15 үгүт тобу катталды. Алардын 12си Конституцияны кабыл алдыруу үчүн үгүттөсө, үч топ «каршы» добуш берүүгө үндөйт.
Мындан сырткары референдумга коюлган эки тандоо боюнча демилгелүү топтор үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн жол-жоболор менен белгиленген мөөнөттө жүргүзүп, ар бир топ өзүнүн шайлоо фонддорун түзүп, ал аркылуу каржыланышы керектигин БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
«11-апрелге дайындалган референдумга бүгүнкү күндө 15 үгүт тобу Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерин берип, каттоодон өтүштү. Алардын 12си — «макул» үгүт тобу, үчөө — «каршы» үгүт тобу. Үгүт топтордун иштөөсү мыйзамда так көрсөтүлгөн. Ага ылайык, ар бир топ шайлоо фонддорун түзүшү керек. Фонд аркылуу каржыланышы керек. Мындан сырткары үгүт топторуна Мамлекеттик телерадио компанияларынан жана мезгилдүү басылмалардан акысыз эфирдик убакыттар берилет».
Борбордук шайлоо комиссиясы Башмыйзам боюнча референдумдун «макул», «каршы» үгүт топторунун арасында теледебат өткөрүү үчүн бекер эфирдик убакыт берүүнү бүгүн-эртең чүчүкулак жолу менен аныктайт. Тактап айтканда, кимдер кайсы күнү, кайсы убакта чыгары бүгүн аныкталат.
Конституцияга «каршы» же «макул» топтор үгүт иштерин жүргүзүшү үчүн мыйзам боюнча бир ай убакыт берилет. Бирок, бул жолу референдум 11-апрелде өтөрү 15-мартта гана белгилүү болду.
Үгүт топтору БШКга керектүү документтерин тапшырып, уруксат алганча кечигип, мыйзам бузулуп жатканын Конституцияга «каршы» үгүт тобун жетектеген Клара Сооронкулова билдирип, үгүт иштерине убакыт тар болуп жатканын белгиледи.
Анын пикиринде, жаңы сунушталып жаткан Башмыйзамдын өзү, жазылышы, логикасы — бүт баары башаламан.
«Эми бул жерде мыйзам бузуу болуп кетти, анткени үгүт иштерине бир ай берилиши керек болчу. Азыр эми убакыт өтө эле аз болуп калды. Бул агит группалардын негизги иши — калкка жеткирүү. Биринчиден, мыйзам бузуулар менен кабыл алынды, экинчиден, Башмыйзамдын өзү маңызы, түзүлүшү, жазылышы, логикасы — бүт баары, башаламан, «хаос». Мыйзамдардын жазылуусунда өзүнүн талаптары болот. Ошол эрежелерди билбеген адамдар жазган. Ошол себептен биз маңызын элге түшүндүрүп, «каршы» добуш бергиле, же референдумга катышпагыла» деген үгүт иштерин жүргүзөлү деп катталдык. Азыр эми өлкөнүн бардык аймагын кыдыралы деген оюбуз бар болчу, бирок тилекке каршы, жетише албай калат окшойбуз. 2016-жылы да биринчи жолу «каршы» кыймылын түзүп алып иштегенбиз, анда 187 миң референдумдун катышуучусу каршы добуш берген».
Ал эми Башмыйзамга «макул» үгүт тобун жетектеп жаткан Алмазбек Акматалиев бул Конституция күчтүү жана калыс бийликти түзгөнгө биринчи кадам деп эсептейт. Анын пикиринде, бул Конституция идеалдуу эмес, идеалдуу болушу да мүмкүн эмес. Бирок мурдагы Башмыйзамга, башаламан башкарууга караганда жөнөкөй, элге түшүнүктүү бийлик системасы түзүлүп жатат.
— «Биз «макул» деген топту түздүк, каттоодон өткөрдүк, эсеп ачык. Эми тарапташтарга жардам бергиле деп кайрылып жатабыз. Биздин кишилер эми аймактарга да чыгышы мүмкүн. Анан «Фейсбуктан» активдүү түшүндүрүүгө жана гезит чыгарганга да аракет кылабыз. Буйруса, башка да мыйзамда каралган чараларды көрөбүз. Биз сыяктуу бир канча «макул» үгүт топтору ачылыптыр, колдогон адамдар, топтор көп эле болот деп ойлойм. Көрөбүз».
Добуш берүү укугуна ээ болгондордун саны — 3 млн 558 миңден ашуун. Референдум өттү деп табылышы үчүн жалпы шайлоочулардын 30%ы, же болбосо 1 млн 67 миң 400 жаран катышуусу шарт. Эгерде катышуучулар бул чекке жетпей калса, референдум өтпөгөн болуп саналат.
Кыргызстанда акыркы жолу референдум 10-январда Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча президенттик шайлоо менен чогуу өттү.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 8 жолу референдум өткөргөн. Азыркы референдум 2016-жылы түзөтүү киргизилген Конституциянын негизинде өткөрүлүп жатат. Эгерде референдум элдин колдоосуна ээ болбой калса, анда бүгүнкү башкаруу системасы жана учурдагы Конституция күчүндө калат. Ошондой эле шайлоочулар үчүн «Форма №2» жокко чыкканына байланыштуу жарандар референдумга да өзү катталган аймактан гана катыша алат.