Биз менен байланышыңыз

Вице-спикер Аида Касымалиева дыйкандарга үрөн таратты

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 699 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жардамга муктаж 200 үй-бүлөгө 4 тонна картошка уругун жардам катары таратты. Депутат айым бул ишти “Үйдө болуп, келечегиңе кам көр” акциясынын алкагында баштаганын айтат.

Бул тууралуу Аида Касымалиева маалымат каражаттарына билдирди.

Коронавирус илдетине байланыштуу жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө бир топ тоскоолдуктар болууда. Анткени үрөндү бир жерден экинчи аймакка жеткирүү дыйкандар үчүн кыйынга турууда. Бул маселени чечүү үчүн жана үйүнүн айланасындагы жерлерге эгин эгүүгө шарт түзүү максатында бул иш-аракеттер жүрүп жатканын ал белгилейт.

Азыр бардык эле жерде жардам катары күнүмдүк тамак-аш таратылып жатат. Бул күн да өтөт, эртеңки күнүбүздү да унутпастан кам көрүшүбүз керек. Ошол максатта “Үйдө болуп, келечегиңе кам көр” акциясын баштадык. Анын алкагында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, айыл-чарбага ылайыктуу жери барларга урук тараттык. Негизги максат — элдер санитардык-гигиеналык абалды сактап, үйүнүн айланасындагы бакчага эгин эгип сырткы байланышты азайтуу болуп саналат. Анткени, элдер урук үчүн сыртка чыкпасын деп жеткирип берүүдөбүз. Ал эгиндер өсүп чыккандан кийин чачуучу дары-дармеги менен да камсыз кылабыз. Бул акция мындан ары да башка аймактарда улантылат, — деди Аида Касымалиева.

Азыркы учурда үрөн Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол, Куршаб, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айыл аймактарына таратылып берилди.

Copyright © 2017 Maral FM