Биз менен байланышыңыз

Министр: №309 токтом ири жер ээлөөчүлөргө жакпай турат

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2022 | 3151 | 0

Бүгүнкү күндө «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309 токтом 100-300 гектар жерди ээлеп алып, ижарасына 500 же 1000 сомдон төлөп жүргөндөргө жана жеке кызыкчылыгына пайдалангандарга жакпай турат. Мындай пикирин Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Министр өз сөзүндө бул токтом дыйкандарды колдоо максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Жаныбековдун берген маалыматы боюнча айтсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 450 миңге жакын дыйкан чарба бар. Ал эми сапаттуу үрөн 10-15%га, тагыраагы, 100 дыйкандын 15ине гана жетет. Ал эми калгандары аргасыз эски үрөн себишет. Мындай кырдаалдын жаралышына үрөн чарбаларда жердин аздыгы да себеп болуп жатканын айтат министр.

«Бизде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү төмөн. Эмне үчүн? Баарыбыз билебиз, жогорку түшүмдүн негизи — сапаттуу үрөн. Бүгүнкү күндө биз сапаттуу үрөн өндүрө албай жатабыз. Себеби бул үчүн жер керек, а биздин үрөн чарбаларда болсо жер жок. Негизи бул токтом дыйкандарга чоң жардам эле болот. Алсак, дыйкан өстүрө турган үрөндү ар бир дыйкан мамлекеттик колдоонун негизинде алат. Үрөндүн базар баасы 30 сом болсо, мамлекет ошонун 30%ын төлөп берет. Дыйкандар болсо 70%ын гана төлөп сатып алат. Бул аларга карата чоң колдоо болуп жатпайбы. Мамлекет Кыргызстандагы үрөн чарбаларда өндүрүлгөн үрөндү гана колдоп бере алат», — деди министр.

Министр №309 токтом азыр талкууда турганын, ага сунуш-пикир берем дегендердин баарына эшиги ачык экенин айтты. Андан тышкары элдин нааразычылыгына айрым айыл аймак башчыларынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тескери үгүттөрү себеп болуп жатканын кошумчалап өттү.

Copyright © 2017 Maral FM