Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Өзбекстандан миң тонна күздүк буудайдын үрөнү келди

Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 524 | 0

Кыргызстанга Өзбекстандан бир миң тонна күздүк буудайдын үрөнү келди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Үрөндөрдүн көлөмү супер элита, элита жана биринчи репродукциянын үрөндөрүн камтыйт.

«Бул сорттор биздин дыйкандарыбызга, фермерлерибизге жакшы белгилүү, мамлекеттик сорт участокторунда мамлекеттик сыноодон өткөн, Республиканын мамлекеттик реестрине киргизилген жана өлкөнүн бардык региондорунда сугат жерлеринде колдонууга бекитилген. Аср жана Давр сортторунун потенциалдуу түшүмдүүлүгү жогору, бул Ош облусундагы контролдук участокторго дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн 80 центнерге жогору камсыз кылат«, — деп айтылат маалыматта.

Учурда алынган бардык үрөн республиканын региондоруна таркатылган жана бюджеттик ссудаларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу зарыл болгон каттоо процедурасынан кийин 2022-жылдын түшүмүнө себүү үчүн колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM