Биз менен байланышыңыз

Ажыкулов: №309 токтомду саясатташтыруунун кажети жок

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Фев 2022 | 604 | 0

2021-жылдын 17-декабрында кабыл алынган «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309 токтом боюнча талаштуу маселе чыккандан кийин эл фермердик чарба менен үрөн чарба эмне экенин айырмалап, түшүнө баштады. Мындай пикирин Кыргызстандагы сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин башчысы Темирбек Ажыкулов «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Ал бул маселени саясатташтырып, ызы-чуу чыгаруунун кажети жок деп эсептейт.

Ажыкулов бүгүнкү күндө малдын сапаты менен дандын сапаты кооптуу болуп турганын белгилеп өттү. Анын айтымында, учурда сырттан келип жаткан үрөндүн сапатына эч ким кепилдик бере албайт, анан калса баасы бир топ эле кымбат. А эгер Кыргызстандын дыйкандарына, үрөн чарбаларына жер берилсе, алар башка жактан жогорку сорттогу үрөн алып келип өстүрүп, элге сапаты тастыкталган таза, арзан үрөн беришмек.

Ошол эле учурда Кыргызстанда 1 млн 700 миңге жакын уй болсо, анын эки эле пайызы асыл тукум. Мунун ичинен 800 миңдейи саан уй. А бирок ошол саан уйдун баарынан биригип, 1,5 тонна эле сүт саалат. Орусияда 100 миң уй баккан ферма бар, биздеги болгон уй биригип берген сүттү ошол бир эле ферманын уйлары берип коёт.

Демек, мал багуу үчүн тоют керек. А тоютту алуу үчүн жер керек. Фермердик чарбаларга жер берилсе, асыл тукум мал көбөйөт. Себеби учурда тоют камдоого жери жок, мал бага албай жаткан фермерлер көп.

Кыргызстанда жалпы 1 миллион 200 миң гектардан ашуун аңыз-шалбаа бар. Анын 250 миң гектары гана Айыл чарба фондунун карамагында.

Copyright © 2017 Maral FM