Коронавирус кризисинен улам жеке секторду насыялоо үчүн бир катар өнөктөштөр менен келишимдер түзүлдү. Дүйнөлүк банк өзүнүн эки долбоорунун алкагында, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы инфратүзүмдүк инвестициялардын колдоосу менен жеке секторду каржылоо үчүн 122,5 млн доллар өлчөмүндө узак мөөнөттүү насыя берүүгө даяр. Европа Инвестициялык Банкы июлда 25 млн доллар суммасына агрардык өндүрүштүк-сатуучу чынжырчаларды, чакан жана орто бизнести каржылоо процессин баштайт. Ошондой эле, револьвьердик фонддун алкагында Финансы министрлиги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн дээрлик 36 млн доллар акчаны колдонуу боюнча донорлор менен макулдашууларга жетишкен. Бул кадам жеке секторлорду каржылоо маселесин чечеби?
Бүгүнкү күндө жеке сектордун абалы кандай?
Жеке секторду түзгөн ишкерлердин 100%ы акчага муктаж, алардын баарына коронавирус кризиси өз таасирин тийгизди. ЖИА Бизнес ассоциациясы 1000ге жакын орто жана чакан бизнес менен алектенген ишкерлерден коронавирустун кесепеттери тууралуу сурамжылап, изилдөө жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында, ишкерлердин 40 пайызы банкрот болгондугун билдирсе, 60%ы жумуштарын убактылуу токтотуп, айрымдары жумушчулардын санын кыскартууга туура келген. Ошондой эле, бир канча ишкерлер бизнесин жаап, башка бизнес ачууну пландап жатканын айткан.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга киргизилген эки айлык Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал учурунда ишкерлердин жоготууларынын ордун толтуруу бир жылга чейинки убакытты алышы мүмкүн экендигин ЖИА ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов билдирди.
— Өзгөчө кырдаал бүткөндөн кийин бардык ишкерлер көчөгө чыга калып, ишин жүргүзө койгон жок. Сурамжылоонун жыйынтыгында 30-40%га чейин жумушчулар убактылуу жумушу жок калды. Бул жагынан алып караганда, Өкмөттүн бюджетине бир топ акча түшпөй калды. Жумуштан чыгарылган жумушчулар да эмне кыларын билбей жүргөн кези. Мындан улам, азыр жеке ишкерлерди колдоо убактысы келип жетти деп ойлойм , — деди Омошов.
Ал эми чоң бизнестегилер бир баштаган ишмердүүлгүн жыйыштырып башка бизнес жүргүзуп кете албайт. Алар бир баштаган бизнесин улантып кетиши керек. Жумушчу орундарды сактап калуу, ишмердүүлүгүн жүгүртүү жана салыктарды төлөө үчүн аларга сөзсүз түрдө акча керек.
Мамлекет ишкерлерге кандай кам көрүп жатат?
Ишкерлерге азыркы учурда мамлекет 2 тараптан жардам берсе болот. Биринчиси, салык жана социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жана белгилүү бир мөөнөткө каникул кылып берүү. Бирок, өкмөт карантин убагындагы эки айга төлөмдөрдү төлөбөө боюнча эч кандай жеңилдиктерди берген жок. Болгону күз айларында 1-октябрда төлөсө болот деген гана чечим чыгарды. Бул деген ишкерлер аталган убакытта салыктарды төлөшү керек дегенди билдирет. Экинчиси, ишкерлердин карантин убагындагы жоготууларынын ордун толтуруу үчүн төмөнкү пайыз менен же пайызсыз насыя берүүсү керек. Бирок, мамлекеттин ишкерлерди колдоосу бардык тармакты камтыган жок. Туризм, айыл-чарба тармагында иштеген ишкерлерге 4%дан 8%га чейинки үстөгү менен бир жарым жылдык каникулу менен насыялар бериле тургандыгы айтылган. Бирок, азыркыга чейин мунун механизми жана алгоритми иштелип чыга элек. Ошол эле учурда кайсы банктан, качан алып колдонсо боло тургандыгы белгисиз. Бирок, өлкөдө бир гана айыл- чарба жана туризм сектору эмес, мындан сырткары тейлөө, тамак-аш секторлору да бар. Коронавирустан эң көп жабыркаган сектор да бул — тейлөө сектору болду. Бул секторлорго 10 пайыздан 15 пайызга чейинки үстөгү менен насыя берилери жазылган. Кыргызстандын экономикасынын 50-60%ын соода жана тейлөө тармагы түзөт.
Мамлекет тарабынан берилүүчү насыялардын үстөк пайызын төмөн кылып, 2-3% менен берилиш керектигин Агрардык өнөр-жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов белгиледи.
— Насыялар эң көп болсо, 4% менен берилиши керек. Ишкерлерге мамлекет тарабынан берилип жаткан насыялар жөнөкөй банктардын насыяларынан айырмаланбаса, ал колдоо эмес эле атаандаштыкты бузат. Ар бир банктын күрөөсү бар, мына ошол күрөөлөрдү жеңилдетиш керек. Баалаганда мурда 100-200% болсо, аны 50 пайызга түшүрүш керек. Ушундай жол менен механизмдерди колдонуп, айтып чыкса бизнеске түшүнүктүү болмок. Азыр 14 млрд сом акча бөлүп, жергиликтүү банктар аркылуу насыя берип жатканы бул — жардам. Мамлекеттин бүгүнкү күндө колунан келген иши ушул болуп жатат, — деди Ажыкулов.
Мындан сырткары, Ажыкулов мамлекет тарабынан бөлүнгөн 14 млрд сомдун ишкерлерди колдоого канчалык жетишип-жетишпегендиги башка маселе экендигин кошумчалады.
Жеке секторду насыялоо үчүн чет өлкөлүк банктардан келген каражаттар кандай шарттар менен берилет?
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, учурда бардык донорлор менен сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Азыр Эл аралык валюта фонду менен Азия өнүктүрүү банкынан гана акчалар келди. Жеке секторлорду колдоо үчүн чет өлкөлүк банктар акча бөлүп жатса, биринчи эле кезекте «шарты кандай жана мамлекетке карыз болуп келеби же грант болуп келеби, анан мамлекетке түшкөн бул акчалар жеке секторго кантип таратылат» деген суроо туулат. Башкысы чет өлкөдөн кандай өлчөмдө болсо да, акчанын келип турганы жакшы, бирок кантип таратылат, ал кандай бөлүнүп бериле тургандыгы башка маселе.
Чет өлкөлүк банктардан келген каражаттар менен жеке сектордогу маселе чечилеби?
Жеке сектордогуларды колдоо үчүн сырттан кичине болсо дагы акча тартып, чакан жана орто бизнестегилерге ссуда жана насыя түрүндө берсе, аябай чоң жардам болот. Бул жардам гана эмес, өйдөгө карай туруп кеткенге таяныч болмок. Бериле турчу жардам үч айлык мөөнөттө ишмердүүлүктөрдү жоголуп кетпей кармап турууга жардамдашат.
Чет өлкөдөн келген жардамдарды биринчи өтүктү оңдогондон баштап тамак-аш өндүрүмдөрүн бергенге чейинки элге кызмат кылган секторлорго бериш керектигин экономика илимдеринин доктору, экономист Кубанычбек Идинов билдирди.
— Биринчи эң майда бизнестерге акча салыш керек, себеби алар бутуна туруп кетсе, калган секторлордогу ишкерликтердин бутуна турушуна шарт түзөт. Негизинен, майда бизнестер экономиканын өзөгүн түзөт. Булар күнүмдүк акчасы менен элге да кызмат кылып, ошондой эле чоңураак бизнестердин айлануусуна шарт түзүп, акчанын айланышын камсыз кылат. Акча бир жерде туруп калбай канчалык көп айланса, бизнестердин өнүгүшүнө ошончолук шарт түзүлөт, — деди Идинов.
Идинов кошумчалагандай, орто жана майда бизнестин эсебинен карантин убагындагы жоготуулардын көбүн ордуна келтирүүгө болот.
Чет өлкөдөн келген акчалар менен жеке сектордун маселеси чечилбейт. Анткени, Кыргызстанда 200 миңден ашык ишмердүүлүктүн түрү катталган. Эгерде, катталган ишмердүулүктөрдүн баары банктан акча сурай турган болсо, анда ар бирине аз-аздан гана акча тийип калат. Ошол эле учурда көмүскө экономикада иштеген ишкерлер да бар. Алар насыя алуу үчүн ишмердүүлүгүн эч жактан далилдей албагандан кийин, иштерин кантип улантып кетери белгисиз. Өкмөт толук бойдон салыктан же социалдык төлөмдөрдөн бошотуп коет деген нерсе жок. Анткени мамлекеттик бюджеттин белгилүү бир бөлүгү ишкерлерден түшкөн салыктар менен толукталат.