«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоору, Кыргызстандын транспорттук секторундагы ири долбоору болуп саналат. Долбоор өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгун кеңейтип, Түштүк-Батыш жана Чыгыш Азия өлкөлөрү менен Кыргызстанды тыгыз байланыштырат. Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралып, тараптар принципиалдуу маселе боюнча бүгүнкү күнгө чейин бир пикирге келе албай келет.
Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 17-июнда, «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоо эң ири стратегиялык долбоорлордун бири болуп саналарын белгилеген. Мамлекет башчы өлкөнүн темир жол инфратүзүмүн модернизациялоону ыкчамдатуу жана темир жол транспорту менен жүргүнчү, жүк ташуу чөйрөсүндөгү санарип демилгелерди ишке ашырууну улантуу зарылдыгын айткан.
18-июнда аталган долбоор боюнча «Кыргыз темир жолунун» сайты анын курулушу бир айдан кийин башталарын айтышкан. Ага каражат жагынан Орусия менен Өзбекстандын жардам көрсөтөрү жана курулуштун наркы 4,5 миллиард доллар болору жазылган.
Бирок, 19-июнда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын сайты «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат» деген кабарды өчүрүп, жалпыга маалымдоо каражаттарын жалган маалымат таратуу боюнча айыптаган билдирүү жарыялаган.
Долбоор боюнча сүйлөшүүлөр дале уланып жатат
«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун курууда Орусия менен кызматташуу 2018-жылы башталып, 2019-жылы алдын ала техникалык-экономикалык негиздемелер иштелип чыккан. Акыркы убакта аталган долбоорго Орусия кандай түрдө катыша тургандыгы боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жатат. Учурда курулуштун башталыш мөөнөтү тактала электигин жана сүйлөшүүлөр уланып жатканын Темир жолдорду куруу жана долбоорлоо дирекциясынын директорунун орун басары Улан Кулов билдирди.
Анын айтымында, аталган темир жол боюнча бир нече маршруттук план иштелип чыгып, бирок ал боюнча бир чечим кабыл алына элек.
— «Негизи төрт маршрут бар. Анын үчөө Торугарттан башталып, Кара-Сууга же Жалал-Абадка кошулат. Дагы бир маршрут Эркеш-Там — Сары-Таш аркылуу башталып, Ошко барат. Бирок бул маршрут бизге анча дал келбегендиктен, Торугарттан башталган маршруттарга таянып жататбыз» , — деди Кулов.
Кулов кошумчалагандай, ар бир маршрут боюнча курулуштун наркы эсептелинип чыккан, бирок алар акырыкы чечим кабыл алынгандан кийин гана жарыяланат.
Темир жолдун курулушу Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоору ири стратегиялык долбоор болгондуктан, жүк ташууда унааларды колдонбой, темир жол менен ташууга шарт түзүлөт. Маанилүү болгону, аталган темир жол Кытайдын кайсы аймагына чейин баргандыгында. Эгерде Борбордук Кытайга чейин жетчү болсо, анда бул Кыргызстан үчүн башка рынокторго чыгууга чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Ошол эле учурда Өзбекстан аркылуу да башка аймактарга чыгууга шарт түзүлөт. Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин деңизге чыгуу жолун издеп жүргөндүктөн, аталган темир жол аркылуу деңизге чыгууга жол ачылат.
Эгерде Кыргызстан Кытайдан келген темир жолдун ортосунда өлкөнүн аймагында станциябы, базабы, логистикалык борборбу кура алса, анда Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик боло тургандыгын экономист Темирбек Ажыкулов билдирди.
Анын айтымында, жөн эле газ, нефть түтүк сыяктуу эле темир жолду да өткөрүп жиберсе, анда транзиттен түшкөн пайдадан башка пайда көрүүгө болбойт.
— «Кыргызстанда да бир базасы курулса, инфраструктура өнүгүп, жүк ташуу жаатында жеңилдик болот. Ошондой эле товар жөнөтө алуу мүмкүнчүлүгүбүз болсо Кыргызстанга жакшы болмок» , — деди Ажыкулов.
Темир жол курууда Кытайдын кандай кызыкчылыгы бар?
Жол салууда ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Биринчи орунда өндүргөн товарын башка өлкөлөргө сатууну максат кылат. Кыргызстандын жол салууда тажрыйбасы жок болгондуктан, Кытай жолду өзү куруп, өзүнүн адистерин алып келиши толук ыктымал. Мына ошону Кыргызстан көзөмөлдөй алса, анда өлкө үчүн бир топ жеңилирээк болот. Эгерде көзөмөлдөй албаса анда коопсуздукка бир топ эле шек келтире турганын Темирбек Ажыкулов кошумчалады.
— «Көрүп эле жатпайбызбы, тоо-кен тармагында, жол курууда иштеген Кытайдын жарандары менен жергиликтүү жарандардын ортосундагы ызуу-чуулар көп эле жолу чыгып жатат. Мунун баары Кыргызстандын текшерүү-контролдоодо кетирген шалаакылыгынын натыйжасы десек болот» , — дейт ал.
Мындан сырткары Ажыкулов, темир жол долбоорунда Кыргызстандын кандай кызыкчылыктары бар экендиги коомчулукка ачык айтылбаганы чоң көйгөй экендигине токтолду.
Анын айтымында, бул долбоор тууралуу канча жылдан бери айтылганы менен, аны элге түшүндүрүп, маалымат берилген эмес. Кыргызстанда товар түшүрүп, кайра жүктөй турган база курулабы-жокпу ушул күнгө чейин табышмак бойдон.
Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келатат. 2002-жылы Кытай долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Узундугу 268 чакырымга жакын темир жолдун каттамын төмөнкүдөй аныктаган: Кашгар (Кытай) – Торугарт – Арпа өрөөнү –Фергана кырка тоосу – Өзгөн – Кара-Суу (Ош облусу) — Анжиан.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан – Кыргызстан – Казакстан – Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, мүмкүн болушунча көп калктуу конуштарды камтыган төмөнкү эки маршрутту сунуштаган. Биринчи маршрут: Торугарт – Достук – Ат-Башы – Жалал-Абад, узундугу 433 км, ал эми, экинчиси: Торугарт – Арпа – Кара-Суу, узундугу 278 км.
Бирок, Кытай тарап башкача көз карашын билдирип, темир жолдун узундугу кыскараак 100 км болгон вариантты сунуштаган. 2019-жылдын ноябрь айында президент Сооронбай Жээнбеков Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганын маалымдаган. Анткен менен кыргыз өкмөтү табарынан темир жолдун узундугу, маршруту, стандарттары, эки тараптуу келишимдер тууралуу конкреттүү билдирүү боло элек.
2 пикир