Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: №309 токтом элге пайда алып келет

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Фев 2022 | 425 | 0

Азыркы тапта №309 токтомду эл да, аткаминерлер өздөрү да түшүнбөй ызы-чуу кылып, нааразычылыктарын билдиришүүдө. Мындай пикирин жеке ишкер Бакыт Мамытканов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Жеке ишкер буга чейин айтылган «токтом ири жер ээлөөчүлөргө жакпай турат» деген ойго кошулат.

Анын айтымында, Айыл чарба фондунун Чүй облусунда болгону 75 миң гектар жери бар. Ошонун ичинен 5 миң гектар жердин ижара мөөнөтү быйыл бүтөт.

«Мен керек болсо, бул токтомго каршылык көрсөткөн аткаминерлер, депутаттар менен теледебатка чыкмакмын. Аларга түшүндүрүп бермекмин. Дыйкандар да аларды угуп, түшүнбөй эле нааразылык акцияларына чыгып жатышат, «биздин жерди тартып алышат экен» деп. Андай болбойт. Болгону Айыл чарба министрлиги бөлүштүрүп берет, министрлик өзү көзөмөлгө алып, иш алып барганга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул тескерисинче, пайдалуу жана жакшы болот», — деди жеке ишкер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM