Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү товарды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорттоо жеңилдеди

Коом | 16 мая 2019 | 806 | 0

Өлкөдөгү өндүрүмдөр эми башка жактан эмес, Кыргызстандын лабораториясынан өтүп, экспортко чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Бул туурасында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы атайын жыйын өткөрүп, маалымат таратты. Башка жакка экспорттоло турган азыктарды Кыргызстандан эле текшерип, көлөмүн көбөйтүп кетирүүгө болот. Мындан улам, учурда 19 лаборатория ишке берилгени турат.

Кыргызстан тамак-аш өндүрүмдөрүн Бажы биримдигине мүчө болгон өлкөлөргө экспорттоодо ушул күнгө чейин алгылыктуу иш алып баралбай келет. Себебин бара турган азыктарды текшерүүчү атайын ветеринардык жана фитосанитардык лабораториянын аздыгына байланыштырып келишчү. Аны менен катар азык-түлүктү жөнөтүүгө тастыктама алууда да кыйынчылыктар жаралганын буга чейинки маалыматтар ырастайт. Мындан улам, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы үч жылдан бери Кыргызстандын өндүрүмдөрүн Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө эч кандай көйгөйсүз алып кирүү жана көлөмүн көбөйтүү боюнча иш алып барып келишкен. Натыйжада, эми өлкөдөгү өндүрүлгөн азык-түлүктүн коопсуздугу башка жакта эмес, бул жакта эле текшерилери белгилүү болду. Аталган инспекциянын директору Калысбек Жумаканов бүгүнкү күндө өндүрүлгөн азыктардын көлөмү жана экспорттоонун жолдору жеңилдегенин кабарлады.

— Үч жылдан бери ушул маселе менен алектенип келе жатабыз. Кыргызстан өзүнүн азыктарын башка жакка экспорттоодо бир топ баскычтар бар болчу. Кээде өтпөй да калган күндөр кездешкен. Мындан улам, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Мурун алар бизге келип, же биз аларга барып, экспорттой турган товарды атайын лабораториядан өткөрүп алып келип берсек, азыр түз эле бизден текшерилип, бара турган жерге жетет. Себеби, бизде шарттар түзүлдү, дыкат каралып чыкты. Жыйынтыгы жаман эмес.

Ал эми ишкер Бакыт Мамытканов акыркы 4-5 жылдан бери этти экспорттоо бир топ эле солгундаганын айтып берди. Себеби, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден бери өлкөнүн тастыктамасы башка жакка жарабай, убара тарткан күндөрү көп болгон. Эгерде чындап эле азыктарды башка жакка жөнөтүүнүн жолдору жеңилдетилсе, мамлекеттин бюджети бир топ көтөрүлөрүн айтты.

— 2012-жылдары Казакстанга этти экспорттоонун көлөмү аябагандай эле чоң болчу. Малчылардын да иштери жакшы жүрүп, өлкөдө эт кадимкидей арзандаган. Бажы биримдигине кошкондон бери эт эч бир жакка чыкпайт. Кыргызстанда эле сатылат. Ал дагы кымбат болуп, калкты ойго салып коюп жатат. Эгерде экспорттоо маселеси жөнгө салынса, мал чарбачылыгынын жана эттин баасынын көйгөйү чечилет эле.

Ал арада ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгулов Кыргызстан өндүрүмдөрүн экспорттоодогу иш чечилгени менен, көйгөй муну менен эле бүтпөй турганын кошумчалады. «Ал үчүн атайын заманбап-технологиялар камтылган бир топ лаборатория ачылып, коопсуздук жаатында көп талаптарга жооп бериш керек», — дейт Ажыгулов.

— Жеңилдетилген маселе бүгүн эле күчүнө кирет дегенден өтө эле алысмын. Себеби, бизде бардык талаптарга жооп бере турган лабораториялар болушу керек. Кол менен саналган лабораториянын кереги жок. Ар бир аймакта, бирден, ал тургай экиден болсо да ашыктык кылбайт. Бизден бир эле азык туура эмес кетип оору чыкса, бардык экспорттоого жолдор жабылып калат.

Экономист Искендер Шаршеев Кыргызстанда лабораториялар курулганы менен экспорттук товарды кабыл алган мамлекеттен да кайра текшерилерин билдирди. Бардык шартка жооп бере турган коопсуздукту текшерүү мекемелерин салууга мамлекеттин бюджети туура келбейт деген ойдо экономист. Бул убакытка чейин көйгөй жаратып келген экспорт маселесинде дыйкандардын да күнөөсү бар экенине токтолду.

— Былтыр жана быйыл эмне көп болду? Картошка көп болуп, дыйкандарды банкротко учуратты. Бирок бул жерде дыйкандардын да күнөөсү бар. Башка жакка экспорттолоорун билишкенден кийин, бардыгын мыйзамга ылайык жасашы керек эле да. Маселен, тийиштүү документтер жана каржы маселелери. Кайсы нерсе көп болсо, ошол азыктын баасы төмөндөйт. Ошон үчүн дыйкандар ар кыл багытта иш алып барышса, жакшы эле болмок.

Эске салсак, учурда Бажы биримдигине Кыргызстандан 74 ишкана балык, бал, эт жана башка ушул сыяктуу өндүрүмдөрүн экспорттойт. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча 19 лаборатория ишке берилгени турат.

Copyright © 2017 Maral FM