Биз менен байланышыңыз

Аксаган министрлик. Өнүгүүгө эмне тоскоол?

Коом , Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 246 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өз демилгеси менен бир да долбоорду ишке ашырган жок. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмүндөгү айыл чарбанын үлүшү болгону 2,6% түздү. Ал тургай, министрлик өз планын 3%га толтура алган жок. Кайсы бир учурда бул көрсөткүч 42%га жеткен эле. Мындай көрсөткүчтөн кийин Кыргызстанды агрардык өлкө деп айтуу кыйын болуп калды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов министрликтин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылдын милдеттери боюнча өткөрүлгөн кеңейтилген коллегиясында билдирди.

Ал учурда дыйкандардын кошумча сугат жерлерге муктаж болуп турганын айтып, бирок өлкөдө 63,3 миң гектар пайдаланылбаган жер бар экенин эске салды.

— Силер аларды колдонуунун механизмин иштеп чыккан жоксуңар. Экспорт боюнча үчүнчү өлкөлөр менен кол коюлган келишимдер бар, бирок анын натыйжасы көзгө толумдуу эмес. Жүндү иштетүү боюнча эч кандай чечимдер жок. Бирок бул боюнча атайын программа бар. Балык чарбасы, жайыт, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өсүү көрсөткүчү сезилерлик эмес. Бардык багыттар боюнча көрсөткүчтөр жетишерлик деңгээлде эмес. Ошондуктан коомчулук министрликте реформа жүргүзүүнү же министрликтин контингентин толугу менен таратуу тууралуу маселени жөн жерден көтөрүп чыккан жок. 

Боронов Ветеринардык тутум Евразия экономикалык бирлигинин системасында эквиваленттүү деп таанылып, 102 ишкана ЕАЭБге кирген өлкөлөргө продукциясын тоскоолдуксуз экспорттой аларын белгиледи.

Өткөн жылы 220 млрд сомдук айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлүп, анын ичинен 17 млрд 821 млн сомдук товар экспорттолгон. Бул тууралуу министрликтин айыл чарба азыктарын экспорттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев маалымдады:

— Экспорт 2018-жылга салыштырмалуу 26.4 пайызга жогорулаган. Көбүнчө өсүмдүк азыктары, жашылчалар, мөмө-жемиштер, эт жана кургатылган жемиштер көп өндүрүлгөн. Салттуу түрдө Орусия менен Казакстанга гана экспорттойбуз. Акыркы эки жылда БАЭ менен КЭРдин рыноктору да актуалдашып баштады. 

Айыл чарба министрлиги маселелерди тетирисинен коюп, өндүрүлгөн продукцялар экспорттолбой калууда. Мындай пикирин айыл чарба адиси Манас Саматов билдирди. Анын баамында өкмөт менен дыйкандардын ортосунда чоң ажырым бар. Министрлик фермерлер менен түздөн-түз иштешүүнү билбей жатат. Арзан насыялар менен коммерциялык банктар каржыланып жатканын айтты:

— Дыйкан, фермерлерди сүткорлордун колуна кармата берген саясат таптакыр туура эмес. «Экспорт», «бажы биримдиги» сыяктуу сөздөрүн баары жөн гана суу куйду кептер. «Экспорт» сөзүн колдонуудан мурда сапаттуу продукция чыгарууну үйрөнүү зарыл. Ошондо гана экспорт көйгөйү өзүнөн-өзү чечилет. Бирок министрлик канча жылдан бери маселени тескерисинен коюп келе жатат. Бул айыл чарба тармагын жетектеген кишилердин айыл чарба багыты боюнча көз карашы таптакыр жок дегенди билдирет. Алар жаттама, пропагандалык сөздөрү кайталап келе жатышат. Туура багыт берип, агрардык саясатты түзө билген адамдын өзү жок болуп жатат. Бул — улуттук трагедия. 

Өткөн жылдын ноябрында министрликтин ишине баа берүү боюнча коомдук угуу өткөн. Анда мекеменин жумушун жакшыртуу багытында, айыл чарбасынын структурасын оңдоо, жоболорду өзгөртүү сыяктуу бир топ сунуштар берилген. Иш-чаранын демилгечиси «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов министрлик коомдук угууда көтөрүлгөн маселелердин бирин да чече албаганын сындады:

Конкреттүү сунуштар болгон. Мисалы, суу чарбасы менен ветеринардык инспекцияны Айыл чарба министрлигине бириктирүү сунушу берилген. Бирок алардын бирөө да аткарылган жок. Мекеменин өкүлдөрү коомдук угууга келип, эл алдында сөз берип, бирок алардын бирин да аткарган жок. Эң жөнөкөй мисал, кыргыз-кызык чек арасында 100дөн ашуун фура бир топ убакыттан бери турат. Бизге ЕАЭБдин алкагында канчалаган жеңилдиктер берилип жатат. Анын бири да алынып, аткарылган жок.  Жаз жакындап калды, бирок дыйкан, фермерлерге айдоо боюнча маалымат, консультациялар берилген жок. Кыскасы, министрликтин бары да, жогу да билинбейт.

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев 10-февралда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйында акыркы үч жылда кант кызылчасын, жүгөрүнү, картошканы өндүрүүнүн көлөмү өсүп жатканы, айдоо жерлерди пайдалануу мурдагыга караганда жакшырып баратканын билдирген.

Мындан сырткары мекеменин штаттык бирдиги 642 адамга чейин кыскарганын айтып, мекеменин бюджети 1 млрд сомдон ашык каражаттан 414 млн сомго төмөндөтүлгөнүн маалымдаган.

Бирок мал чарбасы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов министрлик дээрлик эч бир тармакка жаңылык киргизе алган жок деп эсептейт. Анын баамында, үрөн, асыл тукум малдардын жаңы түрүн пропагандалоо бери турсун, мекеме дыйкандарга эмне себүү керектиги боюнча жөндүү кеңеш бере албай жатат. Эгерде рынок талап кылган продукциялар өндүрүлсө, министрликтин өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү үлүшүн 10 эсеге жогорулатууга болот. Ал үчүн Кыргызстанда бардык шарттар бар. Бул багытта балык, тоок жана уй этин өндүрүүгө артыкчылык берүү зарыл деп эсептейт:

— Ушул 3 багытты кармануу туура болот. Анткени балык өндүрүүнүн потенциалы 2-3 млрд долларга, тоок чарбасын 1 млрд долларга, мал чарба азыктарын өндүрүүнүн көлөмүн 2-3 млрд долларга  чейин жеткирсе болот. Министрлик дыйкандарга эмне эксе, жакшы сатыларын айта албай жатат. Бул тармакта айыл чарбаны түшүнбөгөн кишилер иштеп жатат. Жаңы муун, менеджментти түшүнгөн кишилер келбесе, азыркы жетекчилерден эч кандай демилге чыкпай жатат. 

Ал эми быйыл министрлик фермерлерге түрдүү өнөр-жай тармагына сырье катары колдонулуучу өсүмдүктөрдү, тагыраагы, пахта, төө бурчак, кант кызылчасы, жүгөрү, пахта, соя өстүрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дотация системасы иштей баштайт:

— Дотация системасын буудай, арпа, жүгөрүнүн үрөнүнө киргизип жатабыз. Дыйкандар үрөн чарбалардан 30% арзандатуу менен үрөн сатып ала алат. Биз түшүмдүүлүктү көбөйтүп, сапатты жогорулатууга өтүп жатабыз. Ал эми кайракы жерлерге май өсүмдүктөрүн сунуштап жатабыз. Аларды сатуу боюнча кепилдик бар. Быйыл картошка мурдагыдан азыраак эгилет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында 600 айыл чарба ишканалары, 3 миңден ашуун фермер бар. Айыл чарба өнүмдөрүнүн 97 %ы жеке чарбаларга таандык.

Copyright © 2017 Maral FM