Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облус жетекчиси айыл чарба маселелерин министрликте көтөрдү

Кыска кабар | 5 Фев 2022 | 301 | 0

Бүгүн, 5-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев облустагы бардык район акимдери, эки шаар мэри менен бирге Айыл чарба министрлигинде болушту.

Министр Аскарбек Жаныбеков жана министрликтин алдындагы агенттиктердин жетекчилери менен жолугушуу болуп, Ысык-Көл облусундагы айыл чарба багытында алып барыла турчу иштер боюнча сүйлөшүлдү.

Жолугушууда дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу, техниканы лизингге алып берүү, ирригация маселелери каралды.

Мирбек Кожоев министрлик менен жогорудагы маселелер боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, жасала турчу иштерде каржылоо маселелерин кайра карап чыгып, макулдашууларды кабыл алды.

Copyright © 2017 Maral FM