Биз менен байланышыңыз

Чодуев: Айыл чарба өнүмдөрүнүн 97% жеке чарбаларга таандык

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 671 | 0

Кыргызстандын аймагында 600 мамлекеттик жана жеке менчик айыл чарба ишканалары, 3 миңден ашуун фермер бар. Айыл чарба өнүмдөрүнүн 97 % жеке чарбаларга таандык. Бул тууралуу айыл чарба министри Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетиндеги жыйында билдирди.

Акыркы үч жылда кант кызылчасын, жүгөрүнү, картошканы өндүрүү көлөмү өсүп жатканы, айдоо жерлерди пайдалануу мурдагыга караганда жакшырып баратканы байкалды. Айрыкча, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында кыйла өсүш бар. Ошентип, өткөн жылы 220 млрд сомдук айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлдү. Анын ичинде 104 млрд сому мал чарба тармагына таандык, — деди министр.

Министр эки агенттик бөлүнүп кеткенден кийин министрликтин штаттык бирдиги 642 адамга чейин кыскарганын, азыр анын курамында 6 департамент, 2 изилдөө институту, 2 илимий борбор калганын билдирди.

Мурда Айыл чарба министрлигинин бюджети 1 млрд сомдон ашык каражат болчу, азыр 414 млн сомду түзүп калды. Ошондон улам, Каржы министрлигинен кошумча 286 млн сом сураганбыз, азырынча чечиле элек, — деди Эркинбек Чодуев.

Copyright © 2017 Maral FM