Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлиги: өнүгүүгө бут тоскон «бөлүнүү»

Коом | 27 Окт 2019 | 1123 | 0

Айыл чарба министрлигинде жетекчи алмашканы менен аткарган ишинде өзгөрүү жок. Аталган министрликтин дарегине кайрадан мындай сын айткандар көбөйдү.  Маалыматка ылайык, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине тиешелүү болгон багыттар өзүнчө тармак болуп бөлүнүп кеткен. Мындан улам министрликти жоюп салууну сунуштагандар да бар. Алсак, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов аталган ведомствону статистикалык органга айланды деп баалайт.

-Айыл чарба министрлигинин ишин аябай чабал, начар деп баалайм. Суу департаменти өзүнчө, жайыт комитети өзүнчө,  баарын чачыратып салган. Министрликти бүгүн чолок десе болот. Айыл чарба министрлигинин ичинде өзүнчө экспорт боюнча департамент бар экен. Карап көрдүк. Эмне үчүн департаменттерге бөлүп койду? Анткени акча экен да. Аталган министрликти баалоо сеткасына салсаңыз, баалай албайсыз. Жайыт боюнча да, суу боюнча да “такыр тиешем жок” дейт.

Молдокматов Эркинбек Чодуев эч кандай программасы жок кызматка келгенин айтып, анын бир катар кылмыш иштерге тиешеси бар экенин белгиледи.  Ал Чодуевдин “Береке” кооперативин мыйзамсыз менчиктеп алганын айтып, министрди дебатка чакырды.

Ал эми Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримов бүгүнкү күндө салыштырмалуу бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылганын белгиледи. Анын пикиринде, айтылган сындардын көпчүлүгү негизсиз. Ага карабай бүгүнкү күндө айыл чарба министрлигинин аткарган иштерине көпчүлүк жакшы деген баа берүүдө.

-Элдин арасында ар түрдүү пикир айтылат экен. Кээ бири саясат кылып айтып жатат, башкасы жөн эле жазып коет экен. Жакшы жазгандар да көп. 20 пайыз терс пикир айтылса, 80 пайыз жакшы оюн айткандар бар. 2018-жылга салыштырмалуу жылыштар аябай эле көп. Кооперативдер көбөйдү, органиканы өнүктүрүү саясатын жүргүзүп жатабыз. Быйыл министр Чодуев Кыргызстандын бардык 41 районун кыдырып чыкты. Министрлер такыр барбаган аймактардагы дыйкан, фермерлер менен жеринен жолугуп таанышып келди. Эл көтөргөн маселелерди чечүү үчүн тиешелүү адистерге тапшырмаларды берип келүүдө.

Эркинбек Чодуевге чейин Айыл чарба министрлигин жетектеген Нурбек Мурашев өзүнчө бөлүнгөн департамент, комитеттерди кайра министрликтин жетекчилигине кайтаруу керек деп эсептейт.

-Суу чарба бөлүнүп кетти, жер боюнча бирдиктүү орган түзүлүп, бирок ал дагы министрликтен өзүнчө чыгып кетти. 2014-жылы ветеринария департаменти бөлүнүп кеткен. Булардын баарын айыл чарба министрлигине бириктириш керек эле. Азыркы учурда министрликте эч кандай “рычаг” калган жок. Мындай абалда жумушту жүргүзүү оңой эмес.

Фермер Манас Саматов аталган министрликке тиешелүү адистиги жок жетекчи биринчи ирет келбегенин айтат. Анын белгилешинче, бүгүнкү күндө фермер менен мамлекеттик органдар тиешелүү деңгээлде кызматташууга жетише элек.

-Айыл чарба министрлигинде эч кандай жылыш, өзгөрүү болгон жок. Бул тармакка тиешелүү бир гана алгачкы жер реформасын айтса болот. Жердин менчикке өткөндүгүнө байланыштуу дыйкандар өз алдынча оокат кылып келе жатышат. Мамлекеттик машина тараптан иш билгилик менен координация жасай турган киши келген жок. Фермер менен мамлекеттик каржы булактарынын формалдуу мамилеси жок болгондуктан, айыл чарба өндүрүшүн бир жолго салуу таптакыр болбой жатат.

Белгилей кетсек, Эркинбек Чодуев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине үстүбүздөгү жылдын июнь айында жетекчи болуп дайындалган. Ага чейин ал 4 жыл бою министрдин орун басары болуп келген.

Copyright © 2017 Maral FM