Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте биринчи жолу органикалык азыктардын жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 448 | 0

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарында биринчи жолу органикалык азыктардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Органикалык айыл чарбасын контролдоо жана сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Жыпаркүл Нурдинова билдирди.

Ага өлкөнүн аймактарындагы дыйкан жана фермерлер катышып, өздөрүнүн азык-түлүктөрүн коюшат. Жармаңкенин уюштуруучулары бул көргөзмө аркылуу табигый, таза азык-түлүктөр тармагын базар шартында өнүктүрүүнү жана ага карата элдин, чет өлкөлүктөрдүн көңүлүн бурууну көздөшүүдө.

Дагы бир максаты органикалык азык экенин тастыктаган сертификат берүүчү чет элдик жана жергиликтүү (жакынкы аралыкта) органдын өкүлдөрү менен биздин органикалык азык өндүрүүчүлөрдүн байланышын түзүү болуп саналат.

Иш-чара Кореянын КОЙКА эл аралык кызматташтык агенттигинин «Кыргызстанда Органикалык айыл чарба саясатын ишке ашырууну колдоо жана дыйкандардын потенциалын жогорулатуу» долбоорунун колдоосу менен өтүп жатат.

Органикалык азыктардын жарманкеси 3-октябрга чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM