Биз менен байланышыңыз

Парламентте айып пулду 70 пайызга азайтуу долбоору кызуу талкууда

Саясат | 10 Июн 2021 | 1612 | 0
Автор: Айбек Сарыгул

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир катар социалдык-экономикалык жана бир канча мыйзам долбоору каралды. 

Парламенттин бүгүнкү жыйыны депутат Самат Ибраевдин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн сый акы алуусун жана аткарып жаткан иштерин сындоо менен башталды. Депутат Улуттук банктын ишмердигин текшерип чыгууну Өкмөткө тапшырды.

Анын айтымында, 2020-жылы Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жалпы сый акысы 27 миллион 960 миң сомду түзгөн.

«Буга эмгек акылары жана бардык төлөмдөр кирет. Эгерде бул сумма Улуттук банктын 7 мүчөсүнө бөлүнсө, анда башкармалыктын ар бир мүчөсүнө орто эсеп менен 332 миң 852 сомдон тиет. Бул суммага жол, эл аралык каттамдар, жеке унааларын техникалык тейлөөдөн өткөрүүгө кеткен чыгымдар, айдоочуларынын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек акысы кирбейт. Эгерде башкармалыктын ар бир мүчөсүнүн сый акысы тууралуу маалымат алынса, анда Улуттук банктын төрагасын камсыздоого ай сайын болжол менен 400 миң сом кетет».

Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүнкү жыйында депутаттарды камакка алуу — мыйзамсыз экенин эскертти.

Анын пикиринде, Жаңы Башмыйзамда депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурда кармалбаса, аны көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен гана камоого уруксат берилет. Өткөн жумада депутаттар камалып, Башмыйзам бузулду.

«Бешинчи майда жаңы Конституция кабыл алынды, 1-июнда депутаттарды камакка алуу болуп жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңеште протоколдук тапшырма тийиштүү комитеттерге берилди. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган катары депутаттардын кол тийбестиги жана Башмыйзамды сактоо боюнча өзүнүн так нормасын айтып коюшу керек. Себеби, азыркы иштеп жаткан кодекстер боюнча камоо болду деп, Башкы прокуратура айтып жатат. Жаңы кодекстер келерки жума парламентке кирет. Мыйзамдарда карама-каршылыктар болгон учурда Конституция түз иштейт».

Кошумчалай кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров 2 айга камакка алынган.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө комитеттерде көптөн бери талкууланып келе жаткан «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилди.

Жыйында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору «Коопсуз шаардын» алкагында айып пулдун көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ал жол эрежесинин төмөнкү түрлөрү боюнча айып пулду азайтууну сунушталганын айтып, эгер айдоочу 15 күндүн ичинде айып пулдан кутулам десе, 70 пайызга кыскара турганын белгиледи:

  • айдоочулар белгиленген ылдамдыктан 10 чакырым сааттан ашып, бирок 20 чакырым сааттан ашпашы керек;
  • жол белгилеринде же жүрүү бөлүгүндө көрсөтүлгөн токтоочу сызыктын алдына токтоп турганда жол эрежесин сактабагандык, жол чырагына тыюу салган же жол кыймылынын көзөмөлдөөчүнүн жаӊсоосуна тыюу салганда;
  • жол белгилеринин талаптарын сактабаганда, жүрүүчү бөлүктү белгилөө боюнча талаптарды аткарбаганда;
  • токтотуу же токтотуу эрежелерин бузуу;
  • каршы тилкеге чыкпай маневр жасоонун эрежелерин бузуу.

Аталган мыйзам долбоорунун негизги концепциясын колдой турганын билдирген депутат Мирлан Жеенчороев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууда орусиялык «Вега» жана кытайлык «Шинжан» компаниялары камераларын орнотууда асфальттарды бузуп, дарактарды кыйып жатса да Бишкек шаардык мэриясы эч кандай чара көрбөгөнүн сындады.

Ошондой эле ал Бишкектин көчөлдөрүндө акыркы убакта көрнөк-жарнак толуп кеткенин белгилеп, ИИМди бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

«Коопсуз шаарды» ишке ашырган орусиялык «Вега» жана кытайлык «Шинжан» компанияларына эч кандай экономикалык негиздеме жок 138 орунду таркатып жиберишкен. Бул маалымат боюнча экономикалык негиздемени ким берген, кайсы мэр, кайсы вице-мэрлер кол коюп берген? Жазында жашылдандырылып, каржат бөлүп, сугарып өстүргөн жерлерди мэрия кайра кесип берип жатат. Жаңы аянтчаларды караса болот да. Гранттар, каражаттар менен төшөлгөн жаңы асфальттарды бузуп, «Коопсуз шаардын» камераларын орнотууга сураган жерден жер берип жатат. Бизде экономикалык негиздеме жокпу?» .

Ал эми депутат Шайлообек Атазов «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражаттарга «Вега» компаниясынан башка дагы кимдердин үлүшү бар экенин сурады.

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев 25%ы өз алдынча бийлик органдарына бөлүнсө, 5%ы УКМКга бөлүнө турганын айтты.

«Вега» компаниясынан тышкары УКМК 5%, Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол коопсуздугу башкы башкармалыгы 15%, 25%ы өз алдынча бийлик органдарына жана 5%ы Транспорт жана жолдор министрлигине бөлүнөт. Түшкөн каражаттардын калган бөлүгү мамлекеттин бюджетине көрсөтүлөт. Анын жарымы саламаттыкты сактоо тармагына жумшалат. Өз алдынча бийлик — айыл өкмөттөр жана мэрия». 

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдө азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын жогорулашынан улам жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн азайтуу каралып жатканын айткан эле.

Ушундан кийин ИИМге жол эрежесинин айрым түрлөрүнө каралган айып пулду азайтуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Copyright © 2017 Maral FM