Биз менен байланышыңыз

Президент «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кайра иштеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 1046 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-июлда «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамга карата өзүнүн позициясын билдирди.

Мамлекет башчы аталган мыйзам долбоорун парламент ичинде, анын сыртында, социалдык тармактарда кандай талкуу болгонундугуна байкоо салгандыгын айтты.

Менин жалпы позициям — биздин мамлекетте жалган маалыматка каршы мыйзам сөзсүз болушу керек, — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, адам укугун коргоо үчүн адамды жалган жалаадан, фейк маалыматтан сакташ керек.

Ушул мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутат Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин белгилеп кетер элем. Мына ушул мыйзамды талкуулап жатканда биздин коомдо фейк маселеси бар экенин көрдүк да. Мыйзам керектигин парламентте талкууда, ичинде, сыртында талаш-тартыш болгондо көрдүк, -деди президент.

Ошондой эле президент, аталган мыйзам керек экендигин айтып, бирок, аны дагы бышырыш керектигин белгилеп, конституциялык укугуна таянып, бул мыйзамды кайра кайтара тургандыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, Жээнбеков мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, президенттик аппараттын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгууну сунуштай тургандыгын билдирип, аталган мыйзамдын сөз эркиндигин чектөө эмес, фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM