Биз менен байланышыңыз

«Сөз эркиндигин чектөөчү механизмдер артууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2021 | 813 | 0

Ар бир бийлик өзүнө Конституция жаза берет. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аракеттеги Башмыйзам менен да көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу.

Эл арасында укуктук-маалыматтык кампания жүргүзүү керек. Анткени айыл жериндегилердин бийликтин айланасында болуп жаткан маселелерди кароого мүмкүнчүлүгү жок. Көпчүлүк курсагын тойгузуу менен гана алек.

«Жаңы Конституцияга ылайык жарандардын оюн эркин айтуусуна чектөө кириши мүмкүн. Анткени долбоордо, ЖМК, саясий партиялар үчүн каралган чектөөлөр бар. Президенттик институтка биз кылган иштер дал келбесе, үнүн өчүрүп коюучу инструменттер көп чыгат. Сөз эркиндигин чектөөчү мүмкүнчүлүктөр көбөйүүдө. Митинг үчүн уруксат алуу да — сөз эркиндигин чектөөчү фактор», — дейт юрист.

Copyright © 2017 Maral FM