Биз менен байланышыңыз

«Депутаттар жоопкерчиликке тартылышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2021 | 907 | 0

Жаңы бийлик келгенден бери саясий блог, бизнесмендерден акча алуу иштери жүрүп жатат. Бирок оптимизация боюнча иш-чаралар болгон жок. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда бир министр 8 орун басары менен иштейт. Министрликтерди кыскартканы менен кызматкерлердин саны өзгөргөн жок.

«Бизде саясий, экономикалык вакуум болуп жатат. Бул — укуктук вакуумдан да жаман көрүнүш. Учурда мамлекет стратегиялык иш-чараларды жүргүзө албай, тобокелчиликтерди түзүүдө. Жогорку Кеңештин депутаттары эрксиз иш-чараларды кылып жатканы үчүн келечекте «кылмыш» кодекси менен жоопкерчиликке тартылышы керек. Анткени референдум болуп, болбошун ошолор чечет. Референдум өтүп, мыйзамдар кабыл алынса, бир жылда «Open government» программасы жабылып калышы мүмкүн», — дейт юрист.

Copyright © 2017 Maral FM