Биз менен байланышыңыз

Венеция комиссиянын корутундусу эске алынбаса эмне болот?

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2021 | 1220 | 0

Жаңы Конституциянын долбоору боюнча Венеция комиссиясынын чечимин кабыл алууну же албоону эл, бийлик чечет. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калктын 30%дан ашыгы жакырчылыкта жашайт. Азыр Башмыйзамды ойлой турган заман эмес, пандемия болуп, көп ишкердик токтолду. Коомчулук бийликке ишеним артып, добушун берүүдө.

Венеция комиссиясынын корутундусун, мыйзамдык стандарттарды эске албасак, көптөгөн эл аралык келишимдер жокко чыгарылат. Жыйынтыгында, колдоолор, инвестиция келбейт. Ал эми өлкө социалдык каржылоолорду эл аралык майдандан алып жатат.

Кыргызстан демократиялык өлкө катары көптөгөн эл аралык келишимдерге кол койгон. Венеция комиссиясында Батыштын көз карашын чагылдырган эч нерсе жок.

«Башмыйзамда 80 өзгөртүү бар. Анда президентке эбегейсиз чоң ыйгарым укуктар каралган. Салыштырып айтканда, Түркмөнстандын өлкө башчысына каралган мүмкүнчүлүктөр бери жакта калат. Бирок кыйын учурда бийликтин коомчулукка ушундай мамилесин, чечим кабыл алдыруусун манипуляция деп баалайм. Венеция комиссиясынын корутундусуна маани бербей койсок болот, балким алар келишимди бузушат, бирок бул — жаман көрүнүш. Эл аралык майданда рейтингибиз түшөт», — дейт Эргешбаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM