Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандан сапаттуу инвестор качат»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2021 | 868 | 0

Сапаттуу инвестиция келиши үчүн өлкөдө сапаттуу саясий эреже, адилет чечим чыгарган соттор болушу керек. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү абалга жараша Пакистан, Индия, Кытай жана коңшу өлкөлөрдөн сапатсыз бизнесмендер, сапатсыз инвестиция келет да, бир аз коррупция аралашкан иштерди аткарып жүрө беришет.

Жаңы бийлик мамлекеттик казынада каражаттын жоктугунан бюджетти бизнес аркылуу толтуруп жатат. Муну менен өлкө инвестициялык климатын төмөндөтүп алды.

Микробизнес үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн жок. Алар аркылуу мамлекеттик бюджетке каражат топтолот. Жыйынтыгында, өлкө кандай абалга кептелери белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM