Биз менен байланышыңыз

«Жаңы Башмыйзамдагы айрым ченемдер эл аралык мыйзамдарга дал келбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2021 | 571 | 0

Жаңы Конституциянын долбоорунда айрым ченемдер эл аралык мыйзамдарга дал келбейт. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы Конституциянын долбоорунда тынчтык митингдерин уюштуруу мамлекеттин уруксаты менен жөнгө салынып калган. Бул — демократиялык өлкө үчүн жаман көрүнүш. Анткени адамдар бийликке жакпаган маселелер боюнча топтолсо, жоопкерчиликке тартылат.

Өлкөдөн инвесторлордун чыгып кетүүсү күн санап өсүүдө. Башмыйзамдын долбоорунда экономикалык коопсуздук жана кепилдик жок. Анткени сот системасы толугу менен президентке таандык, эч бир сот көз карандысыз чечим кабыл ала албайт, мүмкүн эмес. Ошол эле учурда прокуратура, өкмөт, күч түзүмдөрү да өлкө башчыга карайт.

Өлкөдө экономикалык кепилдик жок болсо, ишкердин иши сотко түшөт. Соттор көз каранды болсо, бизнес үчүн шарт түзүлбөйт.

Мындан сырткары жаңы Башмыйзамдын долбоорун сунуштоодо өлкөдө мыйзамдык эрежелер 90% сакталган жок. 2020-жылдын 4-октябрынан кийин Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары аяктагандыктан, депутаттардын стратегиялык суроолорду кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк жок болчу. Ага карабай эл өкүлдөрү иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Эргешбаева аймактарда калк жаңы Конституция тууралуу маалыматка ээ эмес экенин айтып кейиди.

«Эл: «Бизге жыйынтык көрсөтсүн, болбосо төңкөрүш жасап жиберебиз», — дейт. Биз андай ой менен жашабашыбыз керек. Конституция керек болсо бир кылымга жазылат, бир падышага эмес. Башмыйзам эл аралык мыйзамдардын негизин эске алуу менен түзүлөрүн унутпашыбыз кажет», — дейт юрист.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жаңы сунушталган Башмыйзамды тандоо боюнча референдум өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM