Биз менен байланышыңыз

Парламент адам укуктары жана эркиндиктери боюнча Акыйкатчынын отчетун угат

Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 547 | 0

Бүгүн өлкөнүн акыйкатчысы Токон Мамытов жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча Парламентте отчет берет. Акыйкатчынын отчету буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде каралган.

Жогорку Кеңеште ошондой эле, 2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун ар жылдык баяндамасы угулат.

«Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору, «Этил спиртин жана алкоголь өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук өндүрүмдү, алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM