Биз менен байланышыңыз

Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 568 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Координациялык кеңештин жыйынында универсалдуу мезгилдик талдоого сунушталуучу Кыргызстандын үчүнчү улуттук баяндамасын, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар тууралуу эл аралык пактка жана бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияга баяндамаларды даярдоо боюнча жооптуу органды аныктоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошондой эле жыйындын жыйынтыгы боюнча Координациялык кеңештин Тышкы иштер министрлигине зордук жана ыктыярсыз жоголуулар боюнча БУУ жумушчу тобунун 2019-жылдын июнундагы сапарына даярдыктарды камсыз кылууну тапшыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары БУУнун Өтө жакырлык, Кулчулуктун заманбап түрлөрү, Дин тутуу эркиндиги жана Соттон тышкары өлүм жазасына тартуу боюнча атайын баяндамачыларынын сапары уюштуруу боюнча макулдашылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM