Биз менен байланышыңыз

БУУ кыргыз-тажик чек ара окуясына карата билдирүү жасады

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1036 | 0

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салууда. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак билдирди.

«Биз түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз, билдирүүлөрдү көрдүк. Ошондой эле Кыргызстан жана Тажикстан ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашканын жарыялаганынан да кабардарбыз. Чындыгында ушундай болсо, биз аны кубаттайбыз», — деди Хак брифинг учурунда.

Ал БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырарын белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.

Copyright © 2017 Maral FM