Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту мамкызматкерлерди эмделүүгө мажбурлаган жетекчилерге кайрылды

Кыска кабар | 18 Июл 2021 | 1385 | 0

Акыйкатчы институту бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерин мажбурлоо же коркутуу жолу менен ваксинация жүргүзүүдөн алыс болууга чакырды. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

«115 байланыш» аркылуу көптөгөн кызматкерлер кайрылып, эмделүүгө мажбурлап жатканын айтып даттанышкан. Ошол себептүү Акыйкатчы институту мындай мамиле аныкталган учурларда мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.

-Ар бир адам өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын ден соолугунун коопсуздугун, ошондой эле айланасындагы адамдардын бул коркунучтуу илдетти жуктуруп алуу коркунучун ойлоп, илдетке каршы ваксинацияны алуусу – туура кадам. Акыйкатчы институту жарандар ваксинацияны алууга мажбурлоо жолу менен эмес, өз ыктыярдуулугу менен барышы үчүн активдүү үгүт иштерин жүргүзүүнү, такталган расмий маалыматтарды жайылтуу жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жагын уюштурууну Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунуштайт.

Эгерде бул процесс жарандарга карата коркутуу же мажбурлоо мүнөзүндө болуп жатса, анда укук коргоо органдары ага катышкан адамдардын иш аракетине баа бериши керектигин да эске салды. Жетекчилери тарабынан мажбурлоого дуушар болгон кызматкерлер укук коргоо органдарына кайрыууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM