Connect with us

Бишкек шаардык соту ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталгандарга өкүм чыгарды

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 1140 | 0

Бишкек шаардык соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырды. Мындай чечим судья Ирина Воронцова жетекчилик кылган соттук процессте бүгүн, 23-мартта чыкканын айыпталуучулардын жактоочулары билдирди.

Соттун чечимине ылайык, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтү бир жылга кыскартылып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкү камоодон чыгарылмай болду.

Калган айыпталуучуларга чыккан буга чейинки чечим дээрлик өзгөртүүсүз калды.

2019-жылдын декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган.

Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга түрмөгө кесилген. Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулган.

Райондук судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп таап, аларга 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеген. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошоткон.

Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM