Биз менен байланышыңыз

УКМК: Сапар Исаковдун абалы туруктуу

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 727 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы премьер-министр, учурда камакта жаткан Сапар Исаковдун ден соолугуна байланыштуу билдирүү таратты.

Учурда Сапар Исаковдун ден соолугунун абалы канааттандырарлык. Бүгүн эртең менен ал алсырап жатканын билдирген. Азыр анын абалы туруктуу, дарыгерлер көзөмөлдөөдө, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму соттолуучу Сапар Исаковдун ден соолугу начарлап, сотко келе албай калгандыгы себептүү болгон эмес.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.

Мурдагы эки премьер-министр – Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Буга чейин Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, ал 2019-жылдын август айында Улуттук госпиталга жатып чыкты. Адвокаттар мурдагы премьердин ден соолугу калыбына келбей жатканын айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM