Биз менен байланышыңыз

Жоошев: УКМК Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштырууну көздөгөн

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 2224 | 0

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу бир дагы күбө аталган иште коррупциялык иштерге күбө болгондугун же катышкандыгын айткан жок. Мындай пикирин Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, бир дагы адам акча каражатын жана башка материалдык баалуулуктардын алып жаткандыгына күбө болгон эмес.

—  «Аталган иш боюнча материалдардан УКМКнын Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштырууну көздөгөндүгү тастыкталып жатат» , — деп жазды Жоошев.

Бирок, бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы маалымат бере элек.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкекке келип,  “Манас” аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.

Бул иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев башкы айыпталуучу катары саналууда.

Эске сала кетсек, ноябрдын соңунда Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан сотко алынып келинген. Анда Атамбаев кылмыш иши менен таанышуу үчүн убакыт сураган.

Атамбаев иш менен таанышуудан жана сот ишине катышуудан буга чейин баш тартып келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM