Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды саясий чечим деп баалайт

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 681 | 0

Равшан Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды саясий чечим деп баалайт жана анын Кой-Таштагы оор кылмыштарга эч кандай тиешеси жок. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Замир Жоошев маалымат жыйынында билдиргендей, 2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап, учурда материалдар менен таанышып жатышат. Аталган окуя боюнча саясатчы Равшан Жээнбеков 7 оор жана өтө оор кылмышка шектелүүдө.

Экс-депутат жана саясатчы Жээнбеков массалык башаламандыкты уюштуруу, мамлекетти басып алуу максатында барымтага алуу жана туткундоо боюнча кылмышка шектелип жатат.

Жактоочу Замир Жоошев Жээнбековдун бир канча жолу Кой- Таш окуясы боюнча күбө катары чакырылгандыгын эске салды. Бирок акыркы жолку чакырууда гана, 2019-жылдын августунда макамын күбөдөн шектүүгө өзгөртө турганын билдиришкен. Бирок кармашкан эмес. Беш ай өткөндөн кийин гана ага шектүү катары чакыруу жиберишкендигин айтып, ага карата ал убакта жана учурда дагы эч кандай далилдери болбогонун кошумчалады.

Мындан сырткары, адвокат Жээнбеков өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдей аларын кошумчалады.

Равшан Жээнбеков ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурунку президент Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу кылмыштарына тиешеси бар деп айыпталып, 12-декабрда камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-декабрда анын баш коргоо чарасын карап, 9-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM