Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда акимдерге чет тилин билүүсү милдеттендирилет

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2021 | 1339 | 0

Кийинки жылдан баштап Өзбекстанда мамлекеттик мекемелерге кызматкер алууда чет тилдерди билүүсүнө басым жасалат, тактап айтканда, милдеттүү түрдө бир нече тилди билсин деген талап коюлат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев чет тилдерди окутуу системасын жакшыртууга арналган видеоконференция маалында билдирди.

Жогушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы чет тилдерди окутууда айыл чарбасындагыдай кластердик системаны киргизүү зарылдыгын белгиледи.

«Ишке алууда чет тилди билүү милдеттүү болот. Эми акимдер чет тилин билиши керек», — деди Мирзиёев.

Анын айтымында, чет тилин жакшы билген кызматкерлер үчүн 20% кошумча сый акы киргизилет.

Өзбекстанда Министрлер кабинетине караштуу Чет тилдерди окутуу агенттиги түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM